Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2025-жылдын 22-октябры № 769
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы №124 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" жобонун 15-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (мындан ары - ЖАМК) тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. ЖАМКнын мекемелеринин башчылары ушул буйрукту өздүк курам тарабынан окуп-үйрөнүүнү камсыз кылышсын.
3. ЖАМКнын Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражатары менен байланыш бөлүмү, ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып ЖАМКнын расмий веб-сайтында жарыялоону ишке ашырсын.
4. ЖАМКнын Катчылыгы, ушул буйрук жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
5. ЖАКтын 2023-жылдын 14-августундагы “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” № 436 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Буйрук кызыкдар тараптарга жарыялансын.
6. Буйруктун аткарылышын контролдоо ЖАМКнын тɵрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
2025-жылдын 23-октябрында http://www.gsin.gov.kg/page/kyzmatkerler расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Ч.Э. Кожошев |