Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 8-июнундагы № 20/06
Ынтымак айыл өкмөтүндө “Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибин бекитүү” жөнүндө
Ынтымак айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысы К.Салановдун жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча “Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибин” бекитүү жөнүндөгү сунушуна негиз, Ынтымак айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Ынтымак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык “Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибин» бекитүүгө №1 тиркемеге ылайык макулдук берилсин.
2. “Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартиби» жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, милдеттердин тизмеси 2-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү/жумуштарды уюштуруу жана милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Э.Таш уулуна милдеттендирилсин.
4. Ынтымак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 4-мартындагы №37-9 токтому облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы | Р.Исамов |
| Ынтымак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы №20/06 токтомуна №1 тиркеме |
Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун
Типтүү тартиби
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун бул типтүү тартиби (мындан ары- Типтүү тартип) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештердин компетенциясын аныктоочу «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелеринин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык иштелип чыккан.
2. Типтүү тартип жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына өзүнүн компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата талаптарды белгилейт.
3. Бул типтүү тартипте төмөнкү терминдер колдонулат.
Жергиликтүү маанидеги маселелер-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аларды кызмат адамдары тарабынан, ошондой эле жарандардын түздөн-түз эркин билдирүү жолу менен чечилүүчү тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилик аракеттерин камсыз кылуу маселелери;
Компенетция- мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктар менен милдеттердин жыйындысы;
Көзөмөл-ыйгарым укуктуу орган тарабынан учурдагы кырдаалдын толуктугуна аткаруучуга жүктөлгөн тапшырманын аткарылышынын сапаты, белгиленген көрсөткүчтөргө ээ кабыл алынган стандарттарга ылайык келүүсүнө баа берүү процесси;
Мониторинг жана баалоо- башкаруу субъектине башкаруучу объектке эффектитүү таасир көрсөтүү максатында белгилүү бир объектинин ишине таасир этүүчү маалыматтарды системалуу чогултуу, сактоо, иштетүү, талдоо жана баалоо процесси;
Милдеттенме-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөчүлөргө (юридикалык же физикалык жактарга) белгилүү бир сумманы кызмат көрсөтүүчүлөр/ товарлар, жумуштар, жөлөкпултар, компенсациялар жана башка акчалай төлөм түрүндө төлөп берүү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык техникалык камсыздоо маселелерин, келишим милдеттенмелеринин ченемдик укуктук актыларды аткаруунун алкагында чечүү;
Уюштуруу-жергиликтүү маанидеги жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардагы маселелерди чечүүдө натыйжаларга жетишүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уюштуруучулук-укуктук, уюштуруу-техникалык чараларынын жана тескөөчүлүк иш-аракеттеринин комплекси;
Ыйгарым укук-мамлекеттик бийлик органдарынын эе жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу үчүн аларга жүктөлгөн функцияларды аткарууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу;
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкаруу функциясы-бул уюмдардын, ишканалардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча уюштуруучулук-укуктук, уюштуруучулук-техникалык, уюштуруучулук-тескөөчүлүк шарттарды түзүүгө байланышкан типтүү маселелерди чечүүдөн турган (пландаштыруу, жөнгө салуу контролдоо) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын туруктуу, циклдик түрдө кайталанып турган аракеттери;
Башкаруу- уюмдун максатына же конкренттүү маселени чечүүгө багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан божомолдоо (прогноздоо), пландаштыруу, уюштуруу, мотивациялоо, координациялоо жана контролдоо процесси;
Кызмат-юридикалык жана жеке жактардын коомдук жыргалчылыкка муктаждыктарын канаттандырууга, алардын конституциялык укуктарын жана коом алдындагы милдеттерин ишке ашырууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттери.
4.Типтүү тартип жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын төмөнкү иш-аракеттерин камтыйт;
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу;
2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
3) жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг;
4) баалоо жана контролдоо жүргүзүү;
5. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды пландаштыруу жергиликтүү жамааттын социялдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, ошондой эле анын мекемелеринин жана ишканаларынын жылдык иш пландарын иштен чыгуу алкагында ишке ашырылат.
6. Жергиликтүү маанидеги өзүнчө маселени чечүүнү уюштуруу өзүнө жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча фунцияларды кызмат көрсөтүүлөрдү, милдеттенмелерди иштеп чыгуу жана белгилөө боюнча иш-аркеттерди камтыйт.
7. Функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы төмөнкүдөй ырааттуу иш-чараларды жүзөөгө ашырат:
№1 кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн функциялардын, кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүлөт.
№2 кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы талдоолордун жыйынтыгынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын болгон ыйгарым укуктарына жана анын материалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандалып алынат.
№3 кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленип чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер пландан бөлүнүп белгиленет.
№4 кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча функциялар, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгат.
№5 кадам.
Жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык, жергиликтүү кеңештин токтомунун долбору жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү менен коомдук калкуудан өтөт.
№6 кадам.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча иш-милдеттерин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомун кабыл алат (жергиликтүү кеңештин типтүү токтомунун формасы 1-тиркемеде, жергиликтүү кеңештин токтомунун үлгүлөрү 2,3-тиркемелеринде келтирилген.
8.Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча тараптардын аракеттерин координациялоо жөнүндө чечим кабыл алат, ал көмөнкү чараларды камтыйт.
- жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттерди, чараларды жана кызмат адамдарынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү.
- кызмат көрсөтүүчүнү, иштерди аткаруу үчүн подрятчыны тандоо/ дайындоо жол-жобосун/ процедурасына жүргүзүү;
- көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо «зарыл болгон учурда);
- жарандардын айрым категорияларын кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу боюнча компенцасиялык чараларды белгилөө (зарыл болгон учурда)
- жергиликтүү маанидеги маселени чечүүдө каржылоо жана материалдык колдоо булактарын аныктоо;
- жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүгө байланышкан башка чаралар.
9.Ушул Типтүү эрежелеринин 8-пунктунда көрсөтүлгөн чаралар жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү ченемдик укуктук акт.
10.Бул Типтүү тартиптин эрежелерин ишке ашыруунун бардык этаптарында жергиликтүү жамаат жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттерди жана чараларды талкулоого кеңири тартылат.
11. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамаатка жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселеге карата аткарылып жаткан милдеттер жана чаралар жөнүндө кеңири маалымат берет. Аны маалыматтык такталарды пайдалануу, шаар/айыл аймагынын веб-сайтына, социялдык тармактарга жана маалымат берүүнүн башка ыкмаларын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырат.
12. Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча демилгелөө, млдеттерди жана иш-чараларды талкулоо процесстерине жарандарды тартуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкруу органдарына жарандардын демилгелүү топторун, ошондой эле жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкруу органдарынын жумушчу топторун түзүү сунушталат.
13. Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү жамааттын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгат жана бекитет.
14. Мониторинг жана баалоонун натыйжалары жергиликтүү кеңеш тарабынан жыйналыштарында каралат.
Жооптуу катчы |
| Г.Балтабаева |
| Ынтымак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-июнундагы №20/06 токтомуна №2 тиркеме |
«Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун Типтүү тартибин» жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча кызматтардын, функциялардын, милдеттердин тизмеси
№ | Кызматтын/функциянын/ милдеттин аталышы | Аткаруу үчүн жооптуу |
| 1.Кызматтар |
|
1 | Жергиликтүү маанидеги маселелерди пландаштыруу | Айыл өкмөтү жана аймактагы мекеме жетекчилери |
2 | Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү процессин уюштуруу эана жүзөгө ашыруу; | Айыл өкмөтү жана аймактагы мекеме жетекчилери |
3 | Жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилишине мониторинг, | Айыл өкмөтү жана мекеме жетекчилери |
4 | Баалоо жана контролдоо жүргүзүү | Айыл өкмөтү жана мекеме жетекчилери |
| 2. Функциялар |
|
1 | Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн функциялардын, кызматтардын, милдеттердин бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүлөт. | Айыл өкмөтү |
2 | Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы талдоолордун жыйынтыгынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын болгон ыйгарым укуктарына жана анын материалдык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген функциялар, кызматтар/иштер, милдеттенмелер тандалып алынат.
| Айыл өкмөтү |
3 | Жергиликтүү өз алдынча башкруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүнүн планын иштеп чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленет чыгат. Жергиликтүү маанидеги бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон функциялар, кызматтар, милдеттер Пландан бөлүнүп белгиленет | Айыл өкмөтү |
4 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча функциялар, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгат | А/к туруктуу комиссиялары |
5 | Жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык, жергиликтүү кеңештин токтомунун долбору жергиликтүү коомчулукка кеңири маалымат берүү менен коомдук талкуудан өтөт. | А/К туруктуу комиссиялары |
6 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча иш-милдеттерин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, милдеттердин тизмесин бекитүү үчүн жергиликтүү кеңештин токтомун кабыл алат (жергиликтүү кеңештин типтүү токтомунун формасы 1-тиркемеде, жергиликтүү кеңештин токтомунун үлгүлөрү 2,3-тиркемелеринде келтирилген. | а/к депутаттары |
| 3.Милдеттенмелер |
|
1 | Жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүү боюнча милдеттерди, чараларды жана кызмат адамдарынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү. | Айыл өкмөтү |
2 | Кызмат көрсөтүүчүнү, иштерди аткаруу үчүн подрятчыны тандоо/ дайындоо жол-жобосун/ процедурасына жүргүзүү; | Айыл өкмөтү |
3 | - көрсөтүлгөн кызматтын баасын аныктоо «зарыл болгон учурда); | Айыл өкмөтү |
4 | - жарандардын айрым категорияларын кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн жарым-жартылай же толук бошотуу боюнча компенцасиялык чараларды белгилөө (зарыл болгон учурда) | Айыл өкмөтү |
5 | Жергиликтүү маанидеги маселени чечүүдө каржылоо жана материалдык колдоо булактарын аныктоо; - жергиликтүү маанидеги тиешелүү маселени чечүүгө байланышкан башка чаралар. | Айыл өкмөтү |