ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ынтымак айылдык кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХX сессиясы
2023-жылдын 8-июнундагы № 20/07
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши:
Т о к т о м к ы л а т:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү 1-2-3-тиркемелерге ылайык колдоого алынсын.
2. Кирешенин болжолу 2024-жылга 13494,2 миң сомго, 2025-жылга 13899,2 миң сомго жана 2026-жылга 14694,4 миң сомго белгиленсин.
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга айылдык бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
3. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы |
Р.Исамов |