Редакцияот 08.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ынтымак айылдык кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХX сессиясы

 

 

2023-жылдын 8-июнундагы № 20/08

2023-жылдын 28-апрелиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн турак-жай куруу жана жеке тамаркаларга жер аянтын ажыратып берүү боюнча комиссиясынын №6 протоколун, 2023-жылдын 5-июнундагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Жер, суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” туруктуу комиссиясынын “Беш-Буркан айылынын тургуну К.Шарабидиновдун 0,12 га жер аянты тууралуу арызына негиз 2021-жылдын 16-мартындагы Ынтымак айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXXIII сессиясынын №6 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” №6 протоколун кароо тууралуу

2023-жылдын 28-апрелиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн турак-жай куруу жана жеке тамаркаларга жер аянтын ажыратып берүү боюнча комиссиясынын №6 протоколун, 2023-жылдын 5-июнундагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Жер, суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” туруктуу комиссиясынын “Беш-Буркан айылынын тургуну К.Шарабидиновдун 0,12 га жер аянты тууралуу арызына негиз 2021-жылдын 16-мартындагы Ынтымак айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXXIII сессиясынын №6 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” №6 протоколун кароо тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып Ынтымак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 28-апрелиндеги Ынтымак айыл өкмөтүнүн турак-жай куруу жана жеке тамаркаларга жер аянтын ажыратып берүү боюнча комиссиясынын №6 протоколун, 2023-жылдын 5-июнундагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Жер, суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” туруктуу комиссиясынын “Беш-Буркан айылынын тургуну К.Шарабидиновдун 0,12 га жер аянты тууралуу арызына негиз 2021-жылдын 16-мартындагы Ынтымак айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги XXXIII сессиясынын №6 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” №6 протоколу жактырылсын.

 

2. Беш-Буркан айылынын тургуну Н.Джаляновдун күн чыгыш тарабындагы 0,12 га жер аянтын К.Шарабидиновко турак жай салуу үчүн жеке менчигине бекитип берүүгө макулдук берилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Салановко милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин “Жер, суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Ынтымак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Р.Исамов