ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ынтымак айылдык Кеңешинин (7 – чакырылышы) кезектеги ХIХ сессиясы
2023-жылдын 7-августундагы № 21/01
2023-жылдын 4-августундагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн турак-жай куруу жана жеке тамаркаларга жер аянтын ажыратып берүү боюнча комиссиясынын “Арык-Бою айылынын тургуну М.Кудайбергеновдун 2002-жылы системный каттоодо катталбай калган 0,15 га жер аянты боюнча арызын кароо жөнүндөгү” №7 протоколун кароо тууралуу
Ынтымак айылдык кеңеши күн тартибиндеги 2023-жылдын 4-августундагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн турак-жай куруу жана жеке тамаркаларга жер аянтын ажыратып берүү боюнча комиссиясынын “Арык-Бою айылынын тургуну М.Кудайбергеновдун 2002-жылы системный каттоодо катталбай калган 0,15 га жер аянты боюнча арызын кароо жөнүндөгү” №7 протоколун кароо тууралуу маселени карап жана талкуулап чыгып, Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын катына негиз Ынтымак айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 4-августундагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн турак-жай куруу жана жеке тамаркаларга жер аянтын ажыратып берүү боюнча комиссиясынын “Арык-Бою айылынын тургуну М.Кудайбергеновдун 2002-жылы системный каттоодо катталбай калган 0,15 га жер аянты боюнча арызын кароо жөнүндөгү” №7 протоколу жактырылсын.
2. Арык-Бою айылынын тургуну М.Кудайбергеновдун 2002-жылы системный каттоодо катталбай калган 0,15 га жер аянты Кудайбергенов Мамазаир Абдракмановдун жеке менчигине бекитип берүүгө макулдук берилсин.
3. Аталган жер аянты боюнча мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Салановко милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин “Жер, суу, муниципалдык менчик жана электр энергия, жолдор боюнча” комитетине жүктөлсүн.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы |
Р.Исамов |