Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы N 655 токтомуна ылайык
КОЛДОНУУ ТОКТОТУЛДУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 21-ноябры N 557
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан
эс алуу базаларын жана туристтик
комплекстерди куруу үчүн жер берүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы
N 30 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 7-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
"Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын жана туристтик комплекстерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы N 30 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- "ДАГАС Сити" жоопкерчилиги чектелген коомуна Чолпоната шаарынын 8,0 га башка жерлерин, анын ичинен туристтик комплексти долбоорлоо жана куруу үчүн 25 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга - 4,0 га жана 2017-жылга чейин ижара шартында аймактарды күтүү жана көрктөндүрүү үчүн - 4,0 га;".
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
милдетин аткаруучу А.Атамбаев