Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-октябры № 242
2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулары жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене
2018-жылдын 20-декабрында Нью-Йорк шаарында кабыл алынган Медиациянын натыйжасында жетишилген эл аралык тынчтык макулдашуулары жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясына төмөнкүдөй эскертме менен кошулсун:
«Конвенциянын 8-беренесинин 1-пунктунун «b» пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасы Конвенцияны тынчтык макулдашуусунун тараптары Конвенцияны колдонууга макул болгон деңгээлде гана колдонот.».
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесине ылайык эскертме менен жогоруда аталган Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-октябрында № 83 (3739) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 24-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |