Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 24-октябры ПЖ № 296
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Класстык чендерди ыйгаруу маселелерин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 “Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: “Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси класстык ченине талапкер болгон кызматчылар үчүн мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта жалпы 5 жылдан кем эмес иш стажынын болушу жөнүндө талап белгиленет. Персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал жок болсо – персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча кызматчыга бул талапты сактабастан кезектеги класстык чен ыйгарылышы мүмкүн.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченине талапкер болгон кызматчылар үчүн мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы иш стажы жалпы 10 жылдан кем эмес болушу жөнүндө талап белгиленет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын сунушу боюнча кызматчыга бул талапты сактабастан кезектеги класстык чен ыйгарылышы мүмкүн.”;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“14. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын класстык чени болбогон кызматчыга биринчи класстык чен төмөнкүдөй ыйгарылат:
- кызматчы административдик кызмат ордуна дайындалгандан кийин бир жылдан эрте эмес (сыноо мөөнөтүн кошкондо) – ушул Тартиптин 35-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик жарандык кызматтын кенже испектору, муниципалдык кызматтын кенже инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерине карата;
- кызматчы административдик кызмат ордуна дайындалгандан кийин эки жылдан эрте эмес (сыноо мөөнөтүн кошкондо) – ушул Тартиптин 35-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендерине карата.
Муну менен бирге эгерде кызматчы бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде башка кызмат ордуна дайындалса, анда ыйгаруу үчүн мөөнөт ушул мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бардык кызмат орундарында үзгүлтүксүз кызмат өтөгөн бардык жалпы мезгили боюнча эсептелет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чени каралган административдик кызмат ордун ээлеген кызматчыга анын арызы боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чени тишелүү түрдө ушул ченди ыйгарууга талаптарды сактоо шарты менен ыйгарылышы мүмкүн.”;
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“19. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси кезектеги класстык чени кызматчы мурдагы класстык ченде 3 жылдан кем эмес болгон шартта ыйгарылышы мүмкүн.”;
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“21. Кызматчы мурда ээлеген административдик кызмат ордунан кыйла жогорку категорияга кирген административдик кызмат ордуна дайындалганда аталган кызматчыга кезектеги класстык чен тиешелүү класстык ченде кызмат өтөө үчүн ушул Тартиптин 16 жана 17-пункттарында белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин, бирок административдик кызмат ордун ээлегенден бир жылдан эрте эмес, бул административдик кызмат ордуна ылайык келген класстык ченден жогору эмес (ушул Тартиптин 7, 14-пункттарынын талаптарын эске алуу менен) ыйгарылышы мүмкүн.”;
- 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“22. Кызматчы мурда ээлеген административдик кызмат ордунан кыйла жогору топко кирген административдик кызмат ордуна дайындалганда аталган кызматчыга ушулТартиптин 12, 13-пункттарына ылайык кызмат орундарынын ушул тобу үчүн биринчи болуп эсептелген, эгерде бул класстык чен анда болгон класстык ченден жогору болсо, кезексиз класстык чен ыйгарылышы мүмкүн.
Көрсөтүлгөн учурда класстык чен ырааттуулукту сактабастан жана мурдагы класстык чендеги кызматтын узактыгын эске албастан, бирок кызматчы административдик кызмат ордун ээлегенден бир жылдан эрте эмес берилет (ушул Тартиптин 7, 14-пункттарынын талаптарын эске алуу менен).”;
- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“30. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгарууга сунуштар төмөнкү документтер менен киргизилет:
1) ушул Тартиптин тиркемесине ылайык жогорку класстык ченди ыйгарууга талапкер жөнүндө маалымкат;
2) адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маалымкат;
3) паспорттун көчүрмөсү;
4) эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү талапкердин талаптарга ылайык келишин аныктоо үчүн зарыл болгон кошумча документтерди жана материалдарды суроого жана алууга укуктуу.”;
– ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык тиркеме менен толукталсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамында:
- тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсызкылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү;”;
3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинде:
- 6-пункттун экинчи, үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– класстык чендердин улук тобу үчүн 5 жылдан кем эмес. Персоналды башкаруу маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ал жок болсо – персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын сунушу боюнча кызмат адамына бул талапты сактабастан кезектеги класстык чен ыйгарылышы мүмкүн;
- класстык чендердин жогорку тобу үчүн 10 жылдан кем эмес. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссиянын сунушу боюнча кызмат адамына бул талапты сактабастан кезектеги класстык чен ыйгарылышы мүмкүн.”;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Класстык чендердин улук тобунун алкагында биринчи класстык чен ушул Тартиптин 6-пунктунда белгиленген талаптарды эске алуу менен адам аталган саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна же саясий муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин бир жылдан эрте эмес ыйгарылышы мүмкүн.
Класстык чендердин жогорку тобунун алкагында биринчи класстык чен ушул Тартиптин 6-пунктунда белгиленген талаптарды эске алуу менен адам аталган саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна же саясий муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин 2 жылдан эрте эмес ыйгарылышы мүмкүн.
Эгерде адам бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде башка саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна же саясий муниципалдык кызмат ордуна дайындалса, анда биринчи класстык ченди ыйгаруу үчүн мөөнөт мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында аталган кызмат орундарында үзгүлтүксүз иштеген жалпы бардык мезгили боюнча эсептелет.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу каралган кызмат ордун ээлеген төмөнкүдөй кызмат адамдарына алардын арызы боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси класстык чени ушул Тартипте белгиленген бул ченди ыйгарууга талаптарды сактоо шарты менен ыйгарылышы мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлерине (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнөн тышкары);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлерине;
- Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларына.”;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“16. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1,2, 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык ченин ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына төмөнкүдөй документтер менен сунуш киргизилет:
1) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык жогорку класстык ченди ыйгарууга талапкер жөнүндө маалымкат;
2) адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө аалымкат;
3) паспорттун көчүрмөсү;
4) эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү талапкердин талаптарга ылайык келишин аныктоо үчүн зарыл болгон кошумча документтерди жана материалдарды суроого жана алууга укуктуу.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 181-пункт менен толукталсын:
“181. Класстык ченди сактоо тартибинде кызмат адамына мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы кеңешчиси, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2, 3-класстагы инспектору, муниципалдык кызматтын 1, 2, 3-класстагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, муниципалдык кызматтын кенже инспектору класстык ченин ыйгаруу кызмат адамынын кайрылуусунун негизинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт (тиешелүү аскердик наамды, атайын класстык ченди же атайын наамды ыйгаруу жөнүндө чечимден күбөлөндүрүлгөн көчүрмөнү тиркөө менен).”;
- Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибинин 1-тиркемесинде:
3-пункттун үчүнчү абзацы “, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн- технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси” деген сөздөр менен толукталсын;
4-пункттун экинчи абзацы “, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн- технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары” деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган Тартиптин 2-тиркемеси ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 82 (3738) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |
1-тиркеме
“Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик жарандык
кызматчыларына жана
муниципалдык кызматчыларына
класстык чендерди ыйгаруунун,
төмөндөтүүнүн жана
ажыратуунун тартибине тиркеме
Жогорку класстык ченди ыйгарууга талапкер жөнүндө маалымкат
_____________________________________________________ (аты-жөнү)
Туулган күнү, айы жана жылы |
|
Сүрөт |
Туулган жери |
| |
Улуту |
| |
Жарандыгы |
| |
Билими |
| |
Окууну аяктаган (качан, кайсы) |
| |
Адистиги |
| |
Окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы |
| |
Класстык чени, аскердик наамы, атайын класстык чени, атайын наамы (качан, ким тарабынан ыйгарылган) |
| |
Тилдерди билүүсү |
| |
Сыйлыктары |
| |
Талапкерде учурда тартиптик жазалар барбы? |
| |
Талапкерге карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатабы? |
| |
Эмгек иши
Күнү, айы, жылы | Күнү, айы, жылы | Министрликтин, ведомствонун, мекеменин, уюмдун, ишкананын аталышы | Ээлеген кызмат орду |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: эмгек ишинин мезгилдери кызматкердин эмгек китепчесиндеги
жазууларга ылайык келүүгө тийиш.
Кадр маселелерин тейлеген
түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси
______________________________ (аты-жөнү, кызмат орду) |
______________________ (колу) |
“ ” 20 -ж. | Мөөр |
”.
2-тиркеме
“Саясий мамлекеттик кызмат
орундарын, атайын мамлекеттик
кызмат орундарын жана саясий
муниципалдык кызмат орундарын
ээлеген адамдарга класстык
чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн
жана ажыратуунун тартибине
Жогорку класстык ченди ыйгарууга талапкер жөнүндө маалымкат
___________________________________________________
(аты-жөнү)
Туулган күнү, айы жана жылы |
|
Сүрөт |
Туулган жери |
| |
Улуту |
| |
Жарандыгы |
| |
Билими |
| |
Окууну аяктаган (качан, кайсы) |
| |
Адистиги |
| |
Окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы |
| |
Класстык чени, аскердик наамы, атайын класстык чени, атайын наамы (качан, ким тарабынан ыйгарылган) |
| |
Тилдерди билүүсү |
| |
Сыйлыктары |
| |
Талапкерде учурда тартиптик жазалар барбы? |
| |
Талапкерге карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатабы? |
| |
Эмгек иши
Күнү, айы, жылы | Күнү, айы, жылы | Министрликтин, ведомствонун, мекеменин, уюмдун, ишкананын аталышы | Ээлеген кызмат орду |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: эмгек ишинин мезгилдери кызматкердин эмгек китепчесиндеги
жазууларга ылайык келүүгө тийиш.
Кадр маселелерин тейлеген
түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси
______________________________ (аты-жөнү, кызмат орду) |
_______________________ (колу) |
“ ” 20 -ж. | Мөөр |
”.