Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-октября № 12-1
Айылдык кенештин Регламентине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Бел айылдык Кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) 11-сессиясынын №11-2 сандуу токтому менен кабыл алынган айылдык кенештин Регламентине өзгөртүулөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча депутаттардын сунуш талаптарын угуп жана талкуулап Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Бел айылдык Кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) 11-сессиясында кабыл алынган айылдык кеңештин Регламентине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин
- айылдык кеңештин сессиясы 11 депутат менен баштоого уруксат берилсин деген сөздөр 14 депутат менен деген сөзгө алмаштырылсын.
- Себепсиз сессияга катары менен 4(төрт) жолу келбей койгон депутаттардын депутаттык мандаты каралсын деген сөздөр катары менен 2(эки) жолу себепсиз келбей койгон деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттык этика, мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык Кеңештин төрагасы | М.А.Ураимов |