Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-октября № 12-2
Бел айыл аймагындагы социалдык объектилерди салууга айыл өкмөтү тарабынан суралган жер аянтарын трансформациялоого уруксат берүү жөнүндө
Бел айыл аймагынын Бел айылындагы Ү.Ниязбеков атындагы көчөсүндөгү 291-контурдагы жалпы аянты 0,12 га болгон жер тилкесин жана Улан кафеси менен Көк-Жар жазуусунун ортосундагы 26-контурунда жайгашкан 0,10 га жер аянтын 545-контурдагы 0,50 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан социалдык объектилерди куруу багытындагы жерлер категориясына трансформациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин”4-13 статьяларын жетекчиликке алып Бел айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Бел айыл аймагынын Бел айылындагы Ү.Ниязбеков атындагы көчөсүндөгү жалпы аянты 0,12 га болгон жер тилкесин жана Улан кафеси менен Көк-Жар жазуусунун ортосундагы 26-контурунда жайгашкан 0,10 га жер аянтын, Жаш айылындагы 545-контурундагы 0,50 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Жогорудагы жер тилкелерин мыйзамдуулугун карап “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына трансформациялоого тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Алмабашовго, Бел айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Д.Сулаймановго сунушталсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенештин муниципалдык менчик, айыл-чарбасы, жайыт, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Айылдык Кеңештин төрагасы | М.А.Ураимов |