Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-октября № 12-3
Бел айыл аймагынын Бел айылындагы Ү.Ниязбеков атындагы көчөсүндөгү 0,12 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Бел айыл аймагынын Бел айылындагы Ү.Ниязбеков атындагы көчөсүндөгү бош жаткан жалпы аянты 0,12 га болгон жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу боюнча Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин”4-13 статьяларын жетекчиликке алып Бел айылдык Кееши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Бел айыл аймагынын Бел айылындагы Ү.Ниязбеков атындагы көчөсүндөгү бош жаткан жалпы аянты 0,12 га болгон жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Муниципалдык менчикке алынган жер аянтынын архитектуралык- техникалык документтерин даярдатуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Алмабашовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин муниципалдык менчик, айыл-чарбасы, жайыт, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы | М.А.Ураимов |