Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-октябры № 651
2030-жылдын 1-январына чейин КНС 80 пайызга азайтуу менен төлөнүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясынын тизмесин бекитүү жөнүндө
Агроөнөр жай комплексин колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба продукциясынын өндүрүүчүлөрүнө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2030-жылдын 1-январына чейин КНС 80 пайызга азайтуу менен төлөнүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 78 (3734) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
2030-жылдын 1-январына чейин КНС 80 пайызга азайтуу менен төлөнүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясынын ТИЗМЕСИ
№ | ТЭИ ТН коду | Аталышы | Эскертүү |
Социалдык маанилүү товарлар |
| ||
1 | 0201 0201209008 0201300008 | Бодо малдын эти (жаңы же муздатылган) | * |
2 | 0204 0204229000 0204230000 0204439000 | Кой жана эчки эти (муздатылган же тоңдурулган) | * |
3 | 0207 0207111009 0207113009 0207119009 0207121009 0207129009 0207131009 0207132009 0207133009 0207134009 0207135009 0207136009 0207137009 0207139909 0207139009 0207141009 0207142009 0207143009 0207144009 0207145009 0207146009 0207149909 | Үй канаттууларынын эти жана тамак-аш субпродуктулары (жаңы, муздатылган же тоңдурулган) | * |
4 | 0302118000 | Балык (жаңы, муздатылган) |
|
5 | 0303149000 | Тоңдурулган балык |
|
6 | 0407210000 | Тоок жумурткасы |
|
7 | 0407299000 | Бөдөнө жумурткасы |
|
8 | 1512 1512199002 1512199003 1512219000 1512119109 1512119101 1512119909 1512199009 | Сафлор, күн карама жана пахта майы, ошондой эле алардын фракциялары (рафинаддалган, колдонууга даяр) |
|
9 | 0701909000 | Картөшкө |
|
10 | 0713339000 | Буурчак |
|
Айыл чарба продукциясы | |||
Ачык жана жабык топуракта өстүрүлгөн жашылча өсүмдүктөрү | |||
11 | 0704901001 | Ак капуста |
|
12 | 0704100000 | Түстүү капуста жана брокколи |
|
13 | 0707000506(сезон боюнча) | Бадыраң |
|
14 | 0709300000 | Баклажан |
|
15 | 0702000005 | Томат (помидор) |
|
16 | 0709931000 | Кабакча |
|
17 | 0703900000 | Жашылча чөптөр |
|
18 | 0709939000 | Ашкабак |
|
19 | 0706100001 | Ашкана сабизи |
|
20 | 0703200000 | Сарымсак |
|
21 | 0703101900 | Пияз |
|
22 | 0706909001 | Ашкана кызылчасы |
|
Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү жана жүзүм | |||
23 | 0706909009 | Башка ушул сыяктуу жегенге боло турган тамыры жемиштер (жаңы же муздатылган) |
|
24 | 0807110000 | Дарбыз |
|
25 | 0808108006 | Алма |
|
26 | 0809100000 | Өрүк |
|
27 | 0809290000 | Алча |
|
28 | 0809309000 | Шабдалы |
|
29 | 080940 0809400500 0809409000 | Кара өрүк |
|
30 | 0809290000 | Гилас |
|
31 | 0810201000 | Данкуурай |
|
32 | 0810100000 | Кызылгат (кулпунай) |
|
33 | 1006309400 | Кабыгынан аарчылган күрүч | Баткен, өзгөн |
34 | 0802310000 0802320000 | Жаңгак |
|
35 | 0409000000 | Табигый аары балы |
|
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын ички рыногунун алкагында этти классификациялоо үчүн негизги категория катары 4 белгиден турган (уй эти үчүн 0201, кой жана эчкинин эти үчүн 0204, канаттуулардын эти үчүн 0207) ТЭИ ТН коду тандалып алынган, мында "башка" кесимдерди жана бөлүктөрдү билдирген тиешелүү 10 белгиден турган коддор көрсөтүлгөн. Бул төмөнкүлөр менен шартталган:
- уй эти үчүн (0201): 4 белгинин деңгээли (0201) жаңы же муздатылган бодо малдын эти үчүн жалпыланган топ катары колдонулат, анткени товар сөөгү жана майы менен кошо кесилген бөлүктөрдөн, ошондой эле кесинди сулп эттен турат. ТЭИ ТНдин калган коддору (мисалы, 0201 20 10 дал жилиги үчүн, 0201 20 30 алдынкы төрттөн бир бөлүгү үчүн, 0201 20 50 арткы төрттөн бир бөлүгү үчүн) туура келбейт, анткени чоң кесимдердин анатомиялык түзүлүшүн сактоону талап кылат (алдынкы бөлүктө 4-10 кабырга, арткы бөлүктө 3+ кабырга болушу керек), бул соода тармактары үчүн майда кесимдерге жана кесинди сулп этке туура келбейт. Айыл чарба продукцияларынын тизмесинде 10 белгиден турган коддор деталдаштыруу үчүн аныкталган жана ассортиментти камтыган эң ылайыктуусу 0201 20 90 08 (сөөктүү башка кесимдер) коду болуп саналат;
- кой жана эчки эти үчүн (0204): 4 белгинин деңгээли (0204) жаңы же муздатылган кой жана эчкинин эти үчүн сөөгү жана майы менен кошо бөлүктөргө, ошондой эле сулп этке кесилген жалпыланган топ катары тандалып алынган. Калган коддор (мисалы, 0204 22 10 алдынкы төрттөн бир бөлүгү үчүн, 0204 22 50 жамбаш жана кашка жилик бөлүктөрү үчүн) анатомиялык бүтүндүктү сактоо талаптарынан улам колдонулбайт, анткени алар майда кесимдерге жана кесинди сулп этке туура келбейт. Айыл чарба продукцияларынын тизмесинде 10 белгиден турган коддор 0204 22 90 08 (кой эти үчүн сөөгү менен кошо башка кесимдер) жана 0204 50 39 08 (эчки үчүн) аралаш ассортимент үчүн кыйла туура келген "башка" катары тандалган;
- канаттуулардын эти үчүн (0207): 4 белгинин деңгээли (0207) жаңы же муздатылган канаттуулардын эти үчүн жалпыланган топ катары колдонулат, анткени товар сөөгү жана майы менен кошо кесилген майда бөлүктөрдөн, анын ичинде өзүнчө сатылуучу буттардан жана канаттардан, ошондой эле ар кандай түрдөгү көптөгөн башка бөлүктөрдөн турат (төшү, буту ж.б.). Калган коддор (мисалы, 0207 12 10 жарым/төрттөн бир бөлүктөр үчүн, 0207 13 30 канаттар үчүн, 0207 13 60 буттар үчүн) туура келбейт, анткени майда бөлүктөрдүн ар кандай ассортиментинен эмес, конкреттүү бүтүн бөлүктөрдөн турат. Айыл чарба продукцияларынын тизмесинде 10 белгиден турган коддор 0207 12 90 08 (башка жарым тушалар жана кесимдер) же 0207 13 90 08 (башка сөөктөн ажыратылбаган бөлүктөр) коду соода тармактарындагы кеңири ассортиментти чагылдыргандыгы үчүн "башкалар" катары тандалган.
Ошентип, 4 белгиден турган коддор сөөктөн ажыратылбаган жаңы/муздатылган эттин бүткүл ассортиментин эсепке алуу үчүн жалпылоочу категория катары тандалып алынган, ал эми "башкаларга" колдонулуучу 10 белгиден турган коддор (08 менен аяктаган) айыл чарба продукцияларынын тизмесинин деталдаштырылышын анатомиялык кесимдерге туура келбеген майда кесилген бөлүктөрдүн, кесинди сулп эттин жана ар кандай бөлүктөрдүн өзгөчөлүгүнө шайкеш келтирүү үчүн колдонулган.