Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 16-декабрындагы №6
«Мектеп окуучуларынын мектепке ташып алып келип,кетүү үчүн микроавтобустун айдоочусунун эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө »
Элмирбек Иманалиев айыл аймагына өкмөтүнө караштуу Чоргочу айылынын №40 Акылбек Шабданов атындагы орто мектебинини окуучуларынын мектепке ташып алып келип, кетүү үчүн микроавтобустун айдочусунун эмгек акысын бекитип берүү боюнча Чоргочу айылынын Элдик чогулушунунун №1 токтомун угуп жана талкуулап, Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чоргочу айылыныдагы №40 Акылбек Шабданов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги окуучуларга микро автобус менен мектепке келип, кетүү үчүн жол акысы айына ар бир балага 400 (төрт жүз) сомдон бекитилгени эске алынсын.
2.Мектеп окуучуларынан ай сайын чогулган акча каражаты микро автобустун айдочусуна эмгек акысы катары бөлүнүп берилсин.
3.Чоргочу айылынын Көкө участкасындагы мектепке окуучуларды ташып келип, кетүү жол жээгиндеги тал теректерди кырктыруу, жолго шагыл, топурак себүү иштерин аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчы М.Ө.Сатаровго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссия тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |