Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 25-октября № 12-5
Айыл өкмөтүнүн келишимдик негизинде иштетип жаткан авто унаасынын күйүүчү майына жана ремонтуна акча каражатын жумшоо жөнүндө
Бел айыл өкмөтүндө кызматтык авто- унаа жок болгондугуна байланыштуу,келишимдик негизде азыркы учурда иштетип жаткан авто унаага керектелүүчү ГСМ күйүүчү май үчүн 100,000 сом жана ремонт иштерине жумшалуучу 40,000 сом акча каражатын жумшоо жөнүндө айылдык кеңештин (жетинчи чакырылышынын) он экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасынын күйүүчү майына кетүүчү каражатка 100,0 мин сом жана авто тетиктерине кетүүчү каражатка 40,0 мин сом кошумча акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты “КРнын мыйзамынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” 2021-жылдын 27-октябрдагы №125 мыйзамынын 5-бөлүмүнүн 21-беренесинин негизинде төлөнүп берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Алмабашовго жана финансы -экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.М.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө “экономика,соода,бюджет жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына “тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы | М.А.Ураимов |