Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 6-январындагы №7
«Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин Айылдык кеңештин Типтүү регламентинин 2-бөлүмүнүн 2.2. беренесинин негизинде айылдык кеңештин жылдык иш планын бекитүү боюнча Регламент,депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын иштелип чыккан иш планын угуп жана талкуулап, Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин 2025-жылга карата иштелип чыккан иш планы алымча кошумчулары менен кабыл алынсын.
2.Иш планга ылайык ар бир сессияда сессиянын иш кагаздарын иштеп чыгып кеңештин депутаттарына билдирип туруу жагы кеңештин жооптуу катчысы Г.М.Чондолоевага милдеттендирилсин.
3. Сессиядан бир жума мурун депутаттарга чакыруулар даярдалып, тиешелүү айыл башчыларынын колуна тапшырылып, таратуу жагы айыл башчыларга жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссия тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |