Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-ноябрындагы № 13-2
Ноокат районунун Бел айыл аймагындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин айланасын 316 метр аралыкта жаңы тосмо менен тосуу жөнүндө
Бел айыл аймагындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин айланасын тосуп, жанылоо боюнча улүштүк гранттан алынуучу акча каражаты жөнүндөгү маселени карап чыгып ,талкуулап , Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) №13 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долбоорду аткаруу үчүн үлүштүк дем берүүчү гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо комиссиясына сунушталсын.
2. Бел айыл аймагындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектептин айланасын 316 метр аралыкта тосмосун жаңылоо боюнча үлүштүк гранттан ажыратылып берилүүчу 2605,28 сом акча каражаттары өз максатында пайдаланылсын.
3. Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинен проектилерди колдоо боюнча ажыратылган акча каражатынын эсебинен 200 миң сом 2023-жылдын бюджетин бекитүүдө эске алынып акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бел айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине каралуучу проектилерди колдоо боюнча ажыратылуучу акча каражатты жогорудагы бюджеттик мекеме өздүк ишканаларга салым үчүн ажыратылып берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы -экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу жагы Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Алмабашовго тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы | М.А.Ураимов |