Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-ноябрындагы № 13-4
Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин имаратынын сыртын ремонттоо жөнүндө
Бел айыл аймагындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин имаратынын сыртын ремонттоо боюнча “Региондорду өнүктурүү фондунун долбоорлорду тандоо жана каржылоо”фондунан алынуучу акча каражаты жөнүндөгү маселени карап чыгып , талкуулап , Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долбоорду аткаруу үчүн “Региондорду өнүктурүү фондунун долбоорлорду тандоо жана каржылоо” фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо комиссиясына сунушталсын.
2. Бел айыл аймагындагы Г.Эргешов атындагы “Бел-Орүк” орто мектептин имаратынын сыртын (фасад) ремонттоо боюнча үлүштүк гранттан ажыратылып берилүүчү 4927 529 сом акча каражаттары өз максатында пайдаланылсын.
3. Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинен проектилерди колдоо боюнча ажыратылган акча каражатынын эсебиен 200 миң сом 2023-жылдын бюджетин бекитүүдө эске алынып акча каражаты бөлунуп берилсин.
4. Бел айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине каралуучу проектилерди колдоо боюнча ажыратылуучу акча каражаттын жогорудагы бюджеттик мекеме өздук ишканаларга салым үчүн ажыратылып берүү жагынан айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу жагы Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Алмабашовго тапшырылсын.
Айылдык Кеңештин төрагасы | М.А.Ураимов |