Редакцияот 18.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 13-отурумунун

ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-августу № 13/1                          

Курманжан Датка айыл аймагынын калкынын ичүүчү таза сууга болгон акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын                              3-главасынын   34-беренесинин   11-пунктуна ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Курманжан Датка айыл аймагынын калкынын ичүүчү таза сууга болгон акыларынын тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин.

 

- ар бир кожолукка (түтүнгө) 1 куб 50 (элүү) сом;

 

2. Чогултулган ичүүчү таза суунун акыларынын акча каражаттары “Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын эсебине төгүлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Төрага:

Д. Камчыбек уулу