Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-ноябрындагы № 13-5
Бел айыл аймагында 2022-жылы “Түрткү берүүчү гранты тарабына сунушталуучу” долбоорлордун өздүк салымдарына акча каражаттарын бөлүштурүү жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алмабашовдун кайрылуусунун негизине ылайык 2022-жылга айыл аймакта “Түрткү берүүчү гранты” тарабына айыл аймактагы 2019-2023-жылдар аралыгындагы стратегиялык пландагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча даярдалган долбоордун өздүк салымдарына акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл өкмөтү тарабынан даярдалган “Күн балдары” балдар бакчасыны капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү долбоорун ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 459561 (төт жүз элүү тогуз миң беш жүз алтымыш бир) сом өздүк салымы 2022-жылдын бюджетинен каралсын жана каржылансын.
2. Бул чечимдин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы: М.Алмабашовго милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | М.А.Ураимов |