Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-ноябрындагы № 13-6
Бел айыл аймагында 2022-жылы “Түрткү берүүчү гранты тарабына сунушталуучу” долбоорлордун өздүк салымдарына акча каражаттарын бөлүштурүү жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алмабашовдун кайрылуусунун негизине ылайык 2022-жылга айыл аймакта “Түрткү берүүчү гранты” тарабына айыл аймактагы 2019-2023-жылдар аралыгында гы стратегиялык пландагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча даярдалган долбоордун өздүк салымдарына акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл өкмөтү тарабынан даярдалган “Маданият үйүнүн экинчи кабатын”капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү долбоорун ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 303410 сом өздүк салымы 2023-жылдын бюджетинен каралсын жана каржылансын.
2. Бул чечимдин аткарылышына көзөмөл жургузүү жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы: М.Алмабашовго милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | М.А.Ураимов |