Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-ноябрындагы № 13-7
Бел айыл аймагында 2022-жылы “Ош облусунун өнүктүрүү фондуна” долбоорлордун өздүк салымдарына акча каражаттарын бөлүштурүү жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алмабашовдун кайрылуусунун негизине ылайык 2022-жылга айыл аймакта “Ош облусунун өнүктүрүү фонду” тарабына айыл аймактагы 2019-2023-жылдар аралыгында гы стратегиялык пландагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча даярдалган долбоордун өздүк салымдарына акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл өкмөтү тарабынан даярдалган “Кеңеш орто мектебинин эшик терезелерин алмаштыруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 190 194 (жүз токсон миң жүз токсон төрт) сом өздүк салымы 2023-жылдын бюджетинен каралсын жана каржылансын.
2. Бул чечимдин аткарылышына көзөмөл жургузүү жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы: М.Алмабашовго милдеттендирилсин.
Айылдык Кеңештин төрагасы | М.А.Ураимов |