Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-октябры № 2025-П-12/55-4-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 1998-жылдын 14-декабрындагы № 34/9 "Коммерциялык банктын операцияларын ишеним боюнча тескөө аркылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө";
- 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө";
- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобону бекитүү жөнүндө";
- 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 "Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө" жобо тууралуу";
- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө";
- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө";
- 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө";
- 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин" бекитүү жөнүндө";
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/9 "Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар" жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
- 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу";
- 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 "Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө";
- 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу";
- 2024-жылдын 20-мартындагы № 2024-П-12/12-2-(НФКУ) "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКтын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКтын ишин жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө".
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 7 (жети) жумуш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, "Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ачык акционердик коомун, микрофинансылык уюмдарды жана кредиттик союздарды тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Тургунбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын 14-декабрындагы № 34/9 "Коммерциялык банктын операцияларын ишеним боюнча тескөө аркылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктын операцияларын ишеним боюнча тескөө аркылуу жөнгө салуу эрежелеринин:
1) 3.1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3.1. Ишеним боюнча тескөө объекттери катары ишканалар жана башка мүлктүк комплекстер, кыймылсыз мүлккө кирген өзүнчө объекттер, баалуу кагаздар, документсиз баалуу кагаздар менен таризделген укуктар, өзгөчө укуктар, ошондой эле транспорт каражаттары жана колдонуудагы камсыздандыруу полиси болсо гана турак жай кыймылсыз мүлкү болушу мүмкүн.";
2) 4.5-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4.5. Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарына же күрөө жөнүндө келишимге ылайык күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, тескөөчү тарабынан ишеним боюнча тескөөгө кабыл алынган кыймылсыз мүлк күрөө коюучу тарабынан камсыздандырылууга тийиш.";
3) 5.12-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ишеним боюнча тескөөчү, колдонуудагы мыйзамдарда жана/же ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган учурларда, ишеним боюнча тескөөгө өткөрүлүп берилген объекттерге карата камсыздандыруу полистеринин көчүрмөлөрүн алууну жана талапка ылайык сактоону камсыз кылууга милдеттүү.".
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери:
1) төмөнкү мазмундагы 2.4.-5-пунктча менен толукталсын:
"2.4.-5. МФК, эл аралык облигацияларды кошпогондо, Улуттук банк тарабынан белгиленген чекте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акцияларды жана карыздык баалуу кагаздарды (облигацияларды жана векселдерди) чыгарууга укуктуу.
Кредиттерди жана зайымдарды төлөө үчүн, ошондой эле облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки акыркы жыл ичинде кредиттер жана зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыз болгон учурда облигацияларды чыгарууга жол берилбейт.
МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары үчүн векселдер, ошондой эле санкциялык тизмелерде турган жеке адам жана юридикалык жактарга, террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке адам жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын акча каражаттары, баалуу кагаздары, башка буюмдары же мүлктүк укуктары же акчалай баасы бар башка укуктары менен төлөөгө тыюу салынат (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги).";
2) төмөнкү мазмундагы 5.13-пунктча менен толукталсын:
"5.13. МФК, эл аралык облигацияларды кошпогондо, Улуттук банк тарабынан белгиленген чекте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акцияларды жана карыздык баалуу кагаздарды (облигациялар жана векселдер) чыгарууга укуктуу.
Кредиттерди жана зайымдарды төлөө үчүн, ошондой эле облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки акыркы жыл ичинде кредиттер жана зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыз болгон учурда облигацияларды чыгарууга жол берилбейт.
МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары үчүн векселдер, ошондой эле санкциялык тизмелерде турган жеке адам жана юридикалык жактарга, террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке адам жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын акча каражаттары, баалуу кагаздары, башка буюмдары же мүлктүк укуктары же акчалай баасы бар башка укуктары менен төлөөгө тыюу салынат (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги).".
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобону бекитүү жөнүндө токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобонун:
1) 4.1-пунктунун 4.1.1-пунктчасынын:
- экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик баалуу кагаздары (мындан ары - МБК) жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары - ноталар) (эгерде МБКлардын жана ноталардын ордун жабуу мөөнөтү активдин ордун жабуу мөөнөтүнө чейин келип жетсе, банк күрөөлүк камсыздоо катары МБКлардын жана ноталардын ордун жабуудан алынган акча каражаттарды же болбосо ушул сыяктуу МБКларды жана ноталарды кошумча камсыздоо катары кабыл алууга тийиш);";
- сегизинчи абзацындагы "мамлекеттик баалуу кагаздар" деген сөздөрү "МБКлар, ноталар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- онунчу абзацындагы "мамлекеттик баалуу кагаздарды" деген сөздөрү "МБКларды, ноталарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он биринчи абзацындагы "МБКлар" деген сөздөрдөн кийин ", ноталардын" деген сөз менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 "Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобо:
- төмөнкү мазмундагы 1.9. жана 1.10-пункттар менен толукталсын:
"1.9. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча келишимдин предмети болуп саналган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында каралган учурларда камсыздандырылууга тийиш.
1.10. Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарына же күрөө жөнүндө келишимге ылайык, күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, күрөө коюучу ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча күрөө келишиминин предмети болуп саналган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү камсыздандырууга тийиш.".
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 30-сентябрындагы № 39/4 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлүүчү типтүү келишимдерге талаптар жөнүндө" жобонун:
1) 1.7-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1.7. Кардар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, кредиттик тобокелдикти камтыган активди каалаган убакта комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык төлөмдөрдү жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп төлөөгө укуктуу.";
2) 2.1-пунктунун:
- 2.1.2-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында каралган учурларда, мурабаха келишиминин предмети камсыздандырылууга тийиш.";
- 2.1.11- пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарына же күрөө жөнүндө келишимге ылайык күрөө коюучуга күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети жүктөлсө, күрөөлүк мүлк камсыздандырылууга тийиш.";
3) 2.2-пунктунун 2.2.2-пунктчасындагы "20" деген сан "10" деген санга алмаштырылсын;
4) 2.3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2.3. Келишимди камсыздоо.
2.3.1. Кардар мурабаха келишими боюнча милдеттенмелерди талапка ылайык аткаруусун камсыз кылуу максатында банк кардар менен акча каражаттарын же камсыздоонун башка түрлөрүн күрөөгө коюу жөнүндө келишим түзүүгө тийиш. Эгерде келишимде башкасы каралбаса, банк күрөө катары сунушталган акча каражаттарын инвестициялай албайт.
2.3.2. Күрөө катары берилген акчалай сумма кардардын билдирмеси боюнча мурабаха келишимине ылайык товар үчүн төлөө катары чегерилиши мүмкүн.
2.3.3. Кардар мурабаха келишими боюнча өз милдеттенмелерин аткаргандан кийин банк күрөөнү кайтарып берүүгө милдеттүү.
2.3.4. Банк товарларды ташууда же сактоодо алардын бузулушуна, жок кылынышына жана жоголушуна байланыштуу бардык тобокелдиктер үчүн өзү жоопкерчилик тартат жана алардын ордун күрөөнүн эсебинен жабууга жол берилбейт.
2.3.5. Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарына же күрөө жөнүндө келишимге ылайык, күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, күрөөлүк мүлк камсыздандырылууга тийиш.
Мурабаха келишиминин типтүү үлгүсү ушул жобого карата 2-тиркемеде келтирилген.";
5) 3.2-пунктунун 3.2.4-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3.2.4. Иджара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында каралган учурларда камсыздандырылууга тийиш.";
6) Жобого карата 1-тиркеменин:
- 6.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарына же күрөө жөнүндө келишимге ылайык, күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, күрөөлүк мүлк камсыздандырылууга тийиш.";
- 7.2-пунктундагы "20" деген сан "10" деген санга алмаштырылсын;
- 9.3-пунктундагы "20" деген сан "10" деген санга алмаштырылсын;
7) Жобого карата 2-тиркеменин:
- 8-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарына же күрөө жөнүндө келишимге ылайык, күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, күрөөлүк мүлк камсыздандырылууга тийиш.";
- 11-пунктундагы "20" деген сан "10" деген санга алмаштырылсын;
8) Жобого карата 3-тиркемедеги:
- "Иджара келишиминин предметин берүүчү/сатуучу жөнүндө маалымат" деген сап төмөнкү мазмундагы сап менен толукталсын:
"Жолдошунун/жубайынын макулдугу";
- 1.5-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1.5. Келишим предмети ушул келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин Ижарага берүүчүнүн жеке менчигинде турат, ал эми Ижарачы мүлктү пайдалануучу болуп эсептелет. Ижара мунтахийя биттамлик келишиминин предмети Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында каралган учурларда камсыздандырылууга тийиш.";
- 3.1., 3.2-пункттары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3.1. Кардардын ушул келишим боюнча милдеттенмелерин талапка ылайык аткаруу ушул келишимдин тараптары ортосунда _____-жылдын "___" __________________ түзүлгөн № _____ күрөө жөнүндө келишим менен камсыз кылынат. Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө жөнүндө келишимде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, күрөөлүк мүлк камсыздандырылууга тийиш.
3.2. Карызды, башка жыйымдарды толугу менен жана өз убагында төлөө, ошондой эле Ижарачынын ушул келишим боюнча башка милдеттенмелеринин талаптагыдай аткарылышы күрөө менен камсыздалат. Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө жөнүндө келишимде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, күрөөлүк мүлк камсыздандырылууга тийиш.".
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө" жобонун:
- Жобого карата 1-тиркеменин II главасы төмөнкү мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө жөнүндө келишимде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, камсыздандыруу полиси.".
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун:
1) 21-пунктунун:
- экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик баалуу кагаздары (мындан ары - МБК) жана Улуттук банктын ноталары (мындан ары - ноталар) (эгерде МБКлардын жана ноталардын ордун жабуу мөөнөтү активдин ордун жабуу мөөнөтүнө чейин келип жетсе, банк күрөөлүк камсыздоо катары МБКлардын жана ноталардын ордун жабуудан алынган акча каражаттарын же болбосо ушул сыяктуу МБКларды жана ноталарды кошумча камсыздоо катары кабыл алууга тийиш);";
- сегизинчи абзацындагы "мамлекеттик баалуу кагаздар" деген сөздөрү "МБКларды, ноталарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- тогузунчу абзацындагы "мамлекеттик баалуу кагаздарды" деген сөздөрү "МБКларын, ноталарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- онунчу абзацындагы "МБКнын" деген сөздөрдөн кийин ", ноталардын" деген сөз менен толукталсын.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
1) 25-пунктунун онунчу абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө келишимде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, күрөөгө коюлуучу мүлктүн тизмесинин, менчик укугун тастыктоочу документтердин (эгерде күрөө кыймылдуу/кыймылсыз мүлк болсо) жана пайдалануу укугун тастыктаган документтердин, ошондой эле банктын ички документтерине ылайык башка документтердин, камсыздандыруу полисинин болушу;";
2) Жобого карата 1-тиркеменин:
- төмөнкү мазмундагы 24-1-пункт менен толукталсын:
"24-1. Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө келишимде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, камсыздандыруу полиси.";
- мамлекеттик тилдеги текстте "25(1)." деген пунктунун номери "25-1." дегенге алмаштырылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө" жобонун:
1) 2-пунктунун:
- экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик баалуу кагаздар - бул, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылуучу карыздык милдеттенмелер;";
- төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталары - бул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан чыгарылуучу баалуу кагаздар (мындан ары - ноталар);";
2) 15-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик баалуу кагаздарды жана ноталарды сатып алуу-сатуу учурунда, банктар ушул Жобонун, Улуттук банктын жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген бөлүгүн так сактоого тийиш.";
3) 30-1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1) мамлекеттик баалуу кагаздарды жана ноталарды сатып алуу жана сатуу. Мында, мамлекеттик баалуу кагаздардын жана ноталардын чогуу алгандагы көлөмү банктын активдеринин 30% ашпоого тийиш, ислам терезесине ээ банкта ислам терезесинин мамлекеттик баалуу кагаздарынын жана ноталарынын чогуу алгандагы көлөмү ислам терезесинин активдеринин 30% ашпоого тийиш;";
4) 30-2-пункттагы "мамлекеттик баалуу кагаздарды" деген сөздөрдөн кийин "жана ноталарды" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 35-пункттун "а" пунктчасындагы "мамлекеттик баалуу кагаздарды" деген сөздөрдөн кийин "жана ноталарды" деген сөздөр менен толукталсын.
10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө" жобонун:
- төмөнкү мазмундагы 10-1 жана 10-2-пункттар менен толукталсын:
"10-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча келишимдин предмети болуп саналган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында каралган учурларда камсыздандырылууга тийиш.
10-2. Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө келишиминде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча күрөө келишиминин предмети болуп саналган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк камсыздандырылууга тийиш.".
11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин" бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибинин:
- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"24. Эгерде, күрөө предмети күрөө коюучунун ээлигинде калса, банк/ФКУ күрөөлүк мүлктү камсыздандырууну андан талап кылууга укуктуу. Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө жөнүндө келишимде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, анда күрөө предмети күрөө коюучу тарабынан талаптын өлчөмүнөн төмөн эмес суммага камсыздандырылууга тийиш. Күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу мөөнөтү, банк/ФКУ тарабынан күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жана аны сатып өткөрүү үчүн талап кылынган мезгил аралыгын жана камсыздандыруу компанияларынын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аныкталышы зарыл.".
12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
1) 29-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"- күрөөлүк мүлктүн тизмеси (эгерде бар болсо), мында рыноктук наркы, баалоо күнү, баалоо ким жүргүзгөндүгү, каттоодон өткөндүгүн тастыктаган далилдерди, күрөө жайгашкан жерди, менчик укугун тастыктаган документтерди (эгерде күрөө катары кыймылдуу/кыймылсыз мүлк сунушталса, Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө келишиминде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, камсыздандыруу полиси милдеттүү түрдө болууга тийиш) жана пайдалануу укугун жана банктын ички документтерине ылайык башка документтерди көрсөтүү менен;";
2) Жобого карата 1-тиркеме төмөнкү мазмундагы 27-1-пункту менен толукталсын:
"27-1. Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө келишиминде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, камсыздандыруу полиси.".
13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
1) 22-пунктунун экинчи пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- кредит берүү шарттары жөнүндө, анын ичинде кредиттик продуктунун толук наркы тууралуу маалымат мамлекеттик тилде жана кардар менен макулдашуу боюнча расмий тилде берилет, ошондой эле зарыл болгон учурда маалымат башка тилге которулушу мүмкүн;";
2) 27-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- кардарлар (потенциалдуу карыз алуучулар) үчүн кызмат көрсөтүүнүн толук наркы жөнүндө маалыматты кошо алганда, кредиттерди берүү шарттары тууралуу кеңири маалымат мамлекеттик тилде жана кардар менен макулдашуу боюнча расмий тилде, ошондой эле зарыл болгон учурда маалымат башка тилге которуп берилишин камсыз кылсын;";
3) 29-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"МФУ менен кардар ортосунда, анын ичинде электрондук формада түзүлүүчү, келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюу аркылуу кол коюлган кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик тилде түзүлөт жана расмий тилге, зарыл болгон учурда башка тилге которулушу мүмкүн. Кредиттик келишимдин ар бир барагына, анын ичинде бардык тиркемелерине же болбосо бирдиктүү электрондук документ формасына кардар тарабынан кол коюлууга тийиш.";
4) Жобого карата 1-тиркеменин:
- 6-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Мамлекеттик тилде жана расмий/башка тилде (эгерде болсо) түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоодо же мөөнөтүн узартууда, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө кардар менен кошумча түзүлгөн макулдашуулар.";
- 14-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"14. Күрөө жөнүндө келишим/Кепилдик берүү келишими мамлекеттик тилде жана расмий/башка тилде (эгерде болсо).";
- төмөнкү мазмундагы 20-1-пункт менен толукталсын:
"20-1. Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө келишиминде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, камсыздандыруу полиси.".
14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/9 "Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
1) 21-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Мурабаха келишиминин предмети Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында каралган учурларда камсыздандырылууга тийиш.";
2) 31-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө жөнүндө келишимде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, күрөөлүк мүлк камсыздандырылууга тийиш.";
3) 33-пунктундагы "20" деген сан "10" деген санга алмаштырылсын;
4) төмөнкү мазмундагы 45-1-пункт менен толукталсын:
"45-1. Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө жөнүндө келишимде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, күрөөлүк мүлк камсыздандырылууга тийиш.";
5) Жобого карата 1-тиркеменин:
- 6.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө жөнүндө келишимде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, Мудариб күрөөгө коюлган мүлктү камсыздандырууга милдеттенет.";
- 7.2-пунктундагы "20" деген сан "10" деген санга алмаштырылсын;
6) Жобого карата 2-тиркеменин:
- 8-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарына же күрөө жөнүндө келишимге ылайык, күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, күрөөлүк мүлк камсыздандырылууга тийиш.";
- 11-пунктундагы "20" деген сан "10" деген санга алмаштырылсын;
7) Жобого карата 3-тиркеменин 1.6-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарына же күрөө жөнүндө келишимге ылайык, күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө күрөөлүк мүлк камсыздандырылууга тийиш.".
15. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар" жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
- Жобого карата 1-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын:
"21-1. Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө келишиминде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, камсыздандыруу полиси.".
16. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин" бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
1) төмөнкү мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1. МФК, эл аралык облигацияларды кошпогондо, Улуттук банк тарабынан белгиленген чекте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акцияларды жана карыздык баалуу кагаздарды (облигациялар жана векселдер) чыгарууга укуктуу.
Каржылоо жана зайымдарды төлөө, ошондой эле облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки акыркы бир жыл ичинде каржылоо жана зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карызы болгон учурда, облигацияларды чыгарууга жол берилбейт.
МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары үчүн векселдер, ошондой эле санкциялык тизмелерде турган жеке адам жана юридикалык жактарга, террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке адам жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын акча каражаттары, баалуу кагаздары, башка буюмдары же мүлктүк укуктары же акчалай баасы бар башка укуктары менен төлөөгө тыюу салынат (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги).";
2) төмөнкү мазмундагы 23-1-пункт менен толукталсын:
"23-1. МФК, эл аралык облигацияларды кошпогондо, Улуттук банк тарабынан белгиленген чекте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акцияларды жана карыздык баалуу кагаздарды (облигациялар жана векселдер) чыгарууга укуктуу.
Каржылоо жана зайымдарды төлөө, ошондой эле облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки акыркы бир жыл ичинде каржылоо жана зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карызы болгон учурда, облигацияларды чыгарууга жол берилбейт.
МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары үчүн векселдер, ошондой эле санкциялык тизмелерде турган жеке адам жана юридикалык жактарга, террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке адам жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын акча каражаттары, баалуу кагаздары, башка буюмдары же мүлктүк укуктары же акчалай баасы бар башка укуктары менен төлөөгө тыюу салынат (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги).".
17. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 12/4 "Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
- Эрежелердин 2-тиркемесинин "Кол тамга жана күбөлөндүрүү" бөлүмүнүн Эскертүүлөрдүн 1-пунктунун "а" пунктчасындагы "же ревизорлор" деген сөздөр алынып салынсын.
18. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобонун:
1) Жобого карата 1-тиркеменин биринчи таблицасындагы "Бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү" деген сап төмөнкү редакцияда баяндалсын:
Бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү | К1.1 | СЗ ЧСК |
| 20% жогору эмес |
|
К1.2 | СЗ СК |
| 20% жогору эмес |
| |
К1.3 | СЗ ЧСК |
| 30% жогору эмес |
| |
К1.4 | СЗ СК |
| 20% жогору эмес |
|
2) Жобого карата 2-тиркеменин:
- "Банк менен байланыштуу болгон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.2)" саптагы "15% жогору эмес" деген сөздөр жана сан "20% жогору эмес" деген сөздөргө жана санга алмаштырылсын;
- "Банк менен байланыштуу болгон банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.4)" саптагы " 15% жогору эмес" деген сөздөр жана сан "20% жогору эмес" деген сөздөргө жана санга алмаштырылсын.
19. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 20-мартындагы № 2024-П-12/12-2-(НФКУ) "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКтын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКтын ишин жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКтын ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
- 17-пунктунун жетинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар жана Улуттук банктын ноталары кирет.".