Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-июлундагы № 49/ХV-28
“Негизги эсеп боюнча бош калдыктын эсебинен чыгымдардын сметасын ачуу жөнүндө”
"Жылдын башында 11374.4 сом болгон калдык боюнча" ФЭОнун башчысы Б.А.Деркембаеванын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Негизги эсеп боюнча бош калдык бекитилсин:
· 70629 «Турак жай-коммуналдык чарба» бөлүмү боюнча 22154900 «Башка кызмат кѳрсѳтүүлѳргѳ акы төлөөгѳ байланыштуу башка чыгашалар» — 183,0 миң сом.
· “Норус” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине эмгек акысын төлөө үчүн материалдык жардам катары бөлүнгөн акча каражаттарын пайдалануусу боюнча отчет берүүсүн “Норус” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилсин
· айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине стимул берүү максатында 70111 «Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр» бөлүмү боюнча бир айлык эмгек акысынын өлчөмүндө 621,4 миң сом өлчөмүндө үстөк акылар берилсин, анын ичинде 2111 «Эмгек акы» беренеси боюнча – 240,0 миң сом өлчөмүндө жана 2121 «Социалдык фондго төгүмдөр» - 41,4 миң сом, айыл чарба түшүмүн жыйноо үчүн 2111 «Эмгек акы» беренеси боюнча – 290,0 миң сом өлчөмүндө жана 2121 «Социалдык фондго төгүмдөр» - 50,0 миң сом
· 70921 «Орто билим берүү-жалпы билим берүү программалары» бөлүмү боюнча 2221 «Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» Баранова мектебинин полун оңдоо –147,8 миң сом.
· 70629 «Турак жай-коммуналдык чарба» бөлүмү боюнча 3111 «Жолдорду капиталдык оңдоо» Белинская көчөсүн асфальтто –1397,6 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭОнун башчысы Б.А.Деркембаевага жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | Н. К. Тюлегенов |