Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-июлундагы № 51/XVI-28
“Жергиликтүү бюджеттен биргелешип каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө”
“Чоң-Далы айылынын орто мектебинин электр жылытуучу жылуулук системасын алмаштыруу” долбоорунун алкагында, долбоордун сметалык баасы 2611,836 миң сомду түзөт 2022-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттар аркылуу жергиликтүү бюджеттен биргелешип каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө, Асанбеков А.А. айыль ѳкмѳт башчысынын маалыматын карап чыгып, талкуулап, пикир алмашты
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чоң-Далы айылынын орто мектебинин электр жылытуучу жылуулук системасын алмаштыруу” долбоорунун жергиликтүү бюджеттине биргелешип каржылоого 459,5 мин сом акча каражат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБнүн башчысы Б.А.Деркембаевага жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы | К. М. Жонгучкаев |