Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 23-октябры № 291
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун ишке ашырууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тиркелген стандарттары бекитилсин.;
2. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө:
- бул буйруктун 1-пункту менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жетекчиликке алышсын жана сакташсын;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын веб-сайттарга жана маалыматтык такталарга жайгаштырсын.
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык ведомстволук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу боюнча жоопкерчилик жүктөлгөн Министрликтин ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
4. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрук катталган күнден тартып үч жумушчу күндүн ичинде Министрликтин расмий сайтына жарыяласын.
5. Майыптыгы бар адамдарга жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдын 25-декабрындагы №2 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы ушул буйрукту Министирликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басарлары А.Дж. Орозбаевага, Мамат уулу Чынгызбекке жана Дарманкул уулу Бакытка жүктөлсүн.
9. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр |
| К.Л. Сагынбаев |