Редакцияот 21.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2025-жылдын 21-октябры ПЖ № 294

 

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин III даражадагы “Манас” ордени менен сыйлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасында билим берүү системасын жана илимди өнүктүрүүгө, республиканын ар кайсы тармактары үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети III даражадагы “Манас” ордени менен сыйлансын.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров