Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 19-августундагы № 53/XVII-28
Муниципалдык жерлерди айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
“Муниципалдык жерлерди айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө” айыл өкмөтүнүн башчысы А. Асанбековдун маалыматын угуп, талкуулап, пикир алмашып:
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопокровка айылындагы Жаны-Конуштагы ФАП, Бала-Бакча, суу мунарасы, Чон-Далы көчөсүндөгү эки балдар аянтчасынын документтерин даярдап, айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы А.А Асанбековга жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы | К. М. Жонгучкаев |