Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-сентябрындагы № 56/XVIII-28
«Логвиненко айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын ѳткѳрүсүн уюштуруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” № 284 Жарлыгына жана биринчи Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайга КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин Нускамасына” ылайык маселени карап жана талкулап, пикир алмашып
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Логвиненко айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2022-жылдын 5 ноябрында саат 10-00 чакырылсын.
2. Логвиненко айыл аймагынын жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык-50 делегаттан турары белгиленсин.
3. Жергиликтүү калк арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 2022 жылдын 15 октябрынан 22 октябрына чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№ 1-тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.
4. Логвиненко айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы -- 11 адамдан бекитилсин (№ 2-тиркеме).
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо өзүмө калтырам.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы | К. М. Жонгучкаев |