Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-октябры № 699
Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында көп кабаттуу турак үйлөрдү жана социалдык объекттерди куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 121, 122-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 268 токтомун жана Бишкек шаарынын мэриясынын жер комиссиясынын 2025-жылдын 25-августундагы корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Абдисалам Аманжолдун, Г.Т. Аширалиеванын, Т. Аширалиеванын, Б.А. Бакиевдин, Э.К. Балыкозованын, Д.Д. Бекбоевдин, К.Б. Гайназарованын, И.М. Джалиловдун, М.Х. Девришевдин, Н.О. Джыбыкееванын, Г.К. Эсекееванын, И.М. Ибраевдин, Ж.А. Конурбаеванын, А. Конушбаеванын, А.Ш. Кошалиеванын, А.Б. Кукуевдин, О.Н. Кукуевдин, Г.С. Кылжырованын, Н.Т. Кыштообаевдин, Х.А. Мендибековдун, Б.А. Мурзакматованын, М.А. Мусуралиевдин, В.Н. Николаенконун, Р.А. Ногойбаевдин, Дж.А. Ольджебаеванын, А.З. Рашидовдун, А.К. Сабыровдун, А.К. Садыкбекованын, С.Р. Садыковдун, О.В. Салатенконун, А.К. Сулеймановдун, З.К. Сулеймановдун, Г.К. Сулейманованын, Б.Т. Тажимаматовдун, К.Т. Телеушеванын, С.К. Байытованын, “Эксперт Инвест” ЖЧКнын, “Олтрейд” ЖЧКнын жеке менчигинде турган, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында жайгашкан, жалпы аянты 234,8 га жер тилкеси, алардын ичинен № 216 (88,5 га), № 219 (60 га), № 220 (18 га), № 227 (64 га) контурлардагы сугат жерлер, № 218 (4,3 га) контурдагы кайрак жерлер көп кабаттуу турак үйлөрдү жана социалдык объекттерди куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу пайдаланууну;
3) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү өздүк каражаттардын эсебинен уюштурууну;
5) көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда, аларды Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сактоону;
6) автомобиль жолдорунун техникалык параметрлерин, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жана талаптарын сактоону;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда, аны алып коюуну жана баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү;
9) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
10) Бишкек шаарынын мэриясы менен “Астория Инвест” ЖЧКнын ортосунда түзүлгөн 2025-жылдын 17-сентябрындагы макулдашууну аткарууну;
11) чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткарууну;
12) коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик актыларды сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 83 (3739) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |