Загрузка документа…
ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-сентябрындагы № 57/XVIII-28
"Логвиненко айыл аймагынын жайыт жерин пайдаланууга тарифти бекитүү жөнүндө"
Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” маалыматын карап.Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4 беренесинин негизинде, Логвиненко айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунун 10.01.2022 жылдагы №1 протоколу жана чечими жайыт жерлеринин, натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында ошондой эле башка максаттардагы жайыт жерлеринин ижара наркынын тарифин бекитүү жөнүндө талкуулап жана пикир алмашып
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт жерлерин пайдалануунун тарифи бекитилсин:
- 0,01 га жайыт жери мал жаюуга байланышпаган башка максаттар үчүн 200 сом өлчөмүндө.
- 0,01 га жайыт аянтын бузбай чарба жүргүзүү үчүн аларды жакшыртууга шарттарды түзүү менен 250 сом өлчөмүндө.
- жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган жана жайыт катмарын бузбастан көмөкчү чарбаны жүргүзүү башка максаттарда убактылуу пайдаланууга ижаранын мөөнөтү 3 жылдан 5 жылга чейин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетин төрагасы Д. Бейшеналиевге жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы | К. М. Жонгучкаев |