Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 24-октябры № 232
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда туруктуу жашаган, 2026-жылдын 1-январынан кийин төрт жана андан көп бала төрөгөн көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку «Бала Береке» төлөмү (мындан ары - бир жолку «Бала Береке» төлөмү»).»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Бир жолку «Бала Береке» төлөмүнүн өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.»;
2) 102-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандар (үй-бүлөлөр), 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулду, үчүнчү жана андан кийинки ар бир баласына алар 3 жашка чыкканга чейин «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпулун кошпогондо, алар мамлекеттик жөлөкпулдун башка түрлөрүн алгандыгына карабастан, «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулун алууга укуктуу.»;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 103-берене менен толукталсын:
"103-берене. Бир жолку «Бала Береке» төлөмүн дайындоо
1. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку «Бала Береке» төлөмү бала бир жашка чыкканда жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку «Бала Береке» төлөмүн дайындоодо райондук коэффициент колдонулбайт.»;
4) 11-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында «жана «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулун» деген сөздөр «, бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулун жана бир жолку «Бала Береке» төлөмүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө «жана «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулу» деген сөздөр «, бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулу жана бир жолку «Бала Береке» төлөмү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүктө «жана «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулунан» деген сөздөр «, бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулунан жана бир жолку «Бала Береке» төлөмүнөн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 14-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 9-пункт «үй-бүлөгө көмөк» деген сөздөрдөн кийин «, «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк», «Бала Береке» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 13-пунктта:
- мамлекеттик тилде «13) 16 жашка» деген сөздөр «131) 16 жашка» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- расмий тилде «13) предоставления» деген сөздөр «131) предоставления» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 5-пунктунун «б» пунктчасын кошпогондо, 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 82 (3738) саны менен жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылдын 1-январына чейин өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2025-жылдын 24-сентябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |