КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4 - ноябры № 718
Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында иш берүүчүнүн бош орундар жөнүндө кулактандырууларын (маалыматтарын) жайгаштыруунун тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында иш берүүчүнүн бош орундар жөнүндө кулактандырууларын (маалыматтарын) жайгаштыруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипти колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында бош орундар жөнүндө кулактандырууларды (маалыматтарды) жайгаштырууда иш берүүчүлөргө ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипти жетекчиликке алуу сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 7-октябрындагы № 84 (3740) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |