Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-майы № 01-7/23
Айыл өкмөтүнүн карамагындагы (в веденияда) жүргөн жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссиясынын 28.05.2024-ж. чечиминин негизинде айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.Джумалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы аянты 360,5 га, анын ичинен 159,5 га сугат айдоо жери, 31 га кайрак айдоо, 170 га чөп чабык болгон биротоло чыгып кеткен же убактылуу кеткен жарандардын жер үлүштөрү айыл өкмөтүнүн карамагында катары каралсын. 2. Буга чейин 1994-2002-жылдары Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен жана жер талап кылынбаган жер үлүштөрү бар жарандардын жерлерин бир жылдык мөөнөткө убактылуу ижарага берилсин.
2. Жарандар жер үлүштөрүн талап кылган учурда, жер үлүштөрүн эгин эгүү алдында же оруп алгандан кийин кайтарылып берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер-агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комиссиясынын төрагасы Р.К.Апакаевге жүктөлсүн
Төрага |
| Т.Э.Бектемиров |