Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 6-августа № 11/V
Октябрь көчөсүн учурдагы жарыктандыруу ондоо иштерине бош калган калдыктан кошумча катары каражат бөлүү жөнүндө
Красная Речка айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Д.Толубаева «Октябрь көчөсүн учурдагы жарыктандыруу ондоо иштерине бош калган калдыктан кошумча катары каражат бөлүү жөнүндө» маалыматын карап жана талкуулап айылдык кенешинин депуттатары белгилешти Красная Речка айылдык кенешинин 2022-жылдын 28-январындагы № 3/I сессиясынын бюджетин кароодо «Красная Речка айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» Октябрь көчөсүн учурдагы жарыктандыруу ондоо иштерине 200,0 мин сом (эки жүз мин) сом акча каражат каралган. 2022-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планына ылайык Октябрь көчөсүн учурдагы жарыктандыруу ондоо иштерине тендер жарыяланды, бирок сметалык баасы 369,50 (үч жүз алтымыш тогуз мин элүү) сомду түзуп наркынан баасы ашып кетти, жергилитүү маанидеги маселелерди чечүү максатында «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Борбордук «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолунун боюндагы Октябрь көчөсүнө учурдагы жарыктандыруу ондоо иштерине бош калган каражаттан 100,0 (жүз мин) сом кошумча катары акча каражат бөлүнсүн.
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |