Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-майы № 01-7/22
Жергиликтүү бюджеттен жарандарга көрсөтүлүүчү материалдык жардамдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
(Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 01-7/12 токтомунун редакциясына ылайык )
Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы №111 “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамынын 16-беренесин жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн социалдык маселелер боюнча комиссиясынын 2024-жылдын 29-апрелиндеги чечиминин негизинде айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Б.Чекированын маалыматын угуп жана талкуулап, пландык бюджет, экономикалык, фискалдык саясат боюнча депутаттык комиссиясынын чечимине ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айыл аймагында каттоосу бар, жашагандыгына 1 жылдан кем эмес жарандарга төмөнкүлөр каралсын:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын материалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөлөрү айыл өкмөтүнүн дарегине кайрылган учурда алардын жашоо шарты аныкталып, 3000 сомдон 5000 сомго чейин акча каражаты жылына бир жолку жардам катары бөлүнүп берилсин.
2. Материалдык жактан муктаж болгон жарандар дарыланууга же дары-дармек алууга кайрылган учурда, медициналык жана башка тиешелүү документтеринин негизинде муктаждыгына жараша 5 000 (беш миң) сомдон 20 000 (жыйырма миң) сомго чейинки акча каражаты бир жолку материалдык жардам катары бөлүнүп берилсин.
(Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 01-7/12 токтомунун редакциясына ылайык )
3. Сары-Өзөн айыл аймагында материалдык жактан муктаж болгон жарандар ири суммада каражат талап кылына турган дарыланууга, операцияларга, оор жагдайга кабылган учурда тастыктоочу документтеринин негизинде айылдык кеңештин кароосуна берилип, кабыл алынган чечим менен бир жолку материалдык жардам көрсөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сагынбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.Э.Бектемиров |