Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-майы № 01-7/21
Эмгек акыга үстөк акылар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.08.2022-жылдагы №266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 01.08.2022-жылдагы №433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык жана 07.02.2024-жылдын №52 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мезгилинде пилоттук режимде уюштуруу жөнүндө" Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына үстөк акылар КР ПЖ 01.08.2022-ж. №266 4-пунктуна ылайык 1-тиркемеде бекитилсин.
2. ТОП кызматкерлеринин айлык акыларына үстөк акылар КР ПЖ 01.08.2022-жылдын №433 4-пунктуна ылайык 2-тиркемеде бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык контракттык негизде жалданып иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына 3-тиркемеге ылайык үстөк акылар бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө пландык-бюджеттик комиссиянын төрагасы М.Долоталиевге жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сагынбековго жүктөлсүн.