Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 6-августа № 13/V
Красная Речка айылдык аймагынын Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясын уставын бекитүү жөнүндө
Красная Речка айылдык кенешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Кожомамбетов АРИСтин ПСИ-3 долбору жөнүндө маалыматын карап, талкуулап Красная Речка айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү маселелерди чечүү үчүн социалдык экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жергиликтүү жамаатын долбордук сунуштарын ишке ашыруу көйгөйлөрдү чечүү үчун каражаттарды, инвестицияларды тартуу максатында инвестициялык ассоциясынын уставын бекитүү жөнүндө маселесин белгилешти, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная Речка айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын Уставы бекитилсин»:
- АКИАнын аткаруу комитети өз ишмердигин бекитилген Уставга ылайык алып баруусу милдеттендирилсин.
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин укук тартибинин социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |