Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 6-августа № 15/V
Эксковаторго айдоочуу катары кошумча штат бекитүү жөнүндө
Красная Речка айыл өкмѳтүнүн каржы-экономика бөлүмунүн башчысы А.Д.Толубаеванын «Эксковаторго айдоочуу катары кошумча штат бекитүү жөнүндө» маалыматын карап чыгып жана талкуулап, айылдык кенешинин депуттатары Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренелерине ылайык жергилитүү маанидеги маселелерди чечүү максатында 2022-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планынын негизинде эксковатор сатып алынган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы №95 «Кыргыз Республикасынын бюджеттик тармагынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная Речка айыл өкмөтүнүн балансында турган эксковаторго айдоочуу катары кошумча штат бекитилсин.
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |