Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 6-августа № 14/V
Коомчулуктун айылдарынын инвестициялык ассоциациясын каттоо жөнүндө
Күн тартибиндеги Коомчулуктун айылдарынын инвестициялык ассоциациясынын каттоо жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депуттардын талкуусун угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Коомчулуктун айылдарынын инвестициялык ассоциациясы катталсын (тиркеме тиркелет)
2. Коомчулуктун айылдарынын инвестициялык ассоциациясын каттоо боюнча тийиштүү документтерди даярдоо аткаруу комитетинин төрагасына Кииров Искандер Абеевич милдеттендирилсин.
3. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Красная Речка айылдык кеңешинин укук тартибинин социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |