Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-майы № 01-7/18
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Т.Талантбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы №189-буйругу менен иштелип чыккан “Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” типтүү Жобосунун негизинде Сары-Өзөн айыл аймагында иш жүргүзүү максатында Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагы боюнча муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо №1 Тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине тийиштүү материалдарды дайындоо жооптуу катчы С.Аныровага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер-агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комиссиясынын төрагасы Р.К.Апакаевге жүктөлсүн
Төрага |
| Т.Э.Бектемиров |