Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-майы № 01-7/17
Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылынын аталышын
“Сары-Өзөн” айылы деп өзгөртүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагны №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө Жобого ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылынын аталышы “Сары-Өзөн айылы” деп өзгөртүлсүн.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4.Сары-Өзөн айыл өкмөтү айылдын атын кайра атоо боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен иш алып барсын.
5. Айылдын атын кайра атоого кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттен каралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Р.Акчаловго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.Э.Бектемиров |