Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 6-августа № 12/V
Красная Речка айылдык кенешинин 2021-жылдын 29-октябрындагы №24/VI «Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жекечче жер участогун бекитүү нормасын белгилѳѳ жѳнүндѳ» токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ
Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн жер маселеси боюнча жетектѳѳ адиси Б.Б.Осмоналиевдин 2021-жылдын 29-октябрындагы №24/VI «Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жекече жер участогун бекитүү нормасын белгилѳѳ жѳнүндѳ» токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» маалыматын карап, талкуулап Красная Речка айылдык кенешинин депутаттары турак жай үйлѳрүнѳ укук белгилѳѳчү документтери жок жарандар айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жашаарын белгилешти. Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жашаган жарандар сатып-алуу келишимин негизинде соттун чечими мыйзамдуу түрүндѳ аныктап берилет, бирок кородогу жер участогун аянты соттун тартиби боюнча чечиминде кѳрсѳтүлбѳйт, анткени бул айыл ѳкмѳтүн ыйгарым укуктарына жер тилкесин мыйзамдаштыруу маселеси кирит. Жарандардын кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда кожолук участогун белгилѳѳдѳ 2000 кв.м. ашат ошого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18 жана 77 беренелерине ылайык «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная Речка айылдык кенешинин 2021-жылдын 29-октябрындагы №24/VI «Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жекечче жер участогун бекитүү нормасын белгилѳѳ жѳнүндѳ» токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» токтомуна тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүү киргизилсин:
- 1 – пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
1. Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жеке жактардын менчигине берилген ѳздүк жер тилкелеринин тѳмѳнкүдѳй ѳлчѳмдѳрү белгиленсин»:
- 1000 чарчы метр ѳлчѳмдѳгү жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жѳнүндѳ жобонун негизинде жер участогун бѳлүп берүү нормасы бекитилсин;
- мурда курулган турак жай үйлѳрдүн жеке жер участогун бекитүүнүн жана мурда берилген жер участогуна тастыктоочу документтеринин жоктугунун ченемдерин аянты 1500 чарчы метрге чейинки жер участогу бекитилсин.
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, транспорт, өнөр жай жана турак жай – коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |