Загрузка документа…
|
|
Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында
иш берүүчүнүн бош орундар жөнүндө кулактандырууларын (маалыматтарын) жайгаштыруунун тартиби
1 - глава. Жалпы жоболор
1. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында иш берүүчүнүн бош орундар жөнүндө кулактандырууларын (маалыматтарын) жайгаштыруунун ушул тартиби (мындан ары – Тартип) иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына иш берүүчүлөрдүн бош орундар жөнүндө кулактандырууларын жайгаштыруу, жарыялоо жана жаңылоо процессин жөнгө салуучу негизги талаптарды, шарттарды жана эрежелерди аныктайт.
2. Тартип менен төмөнкү максаттар аныкталган:
1) издөөчүлөрдү ишке орноштурууга көмөктөшүү;
2) иш берүүчүлөр менен издөөчүлөрдүн ортосунда өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу санариптик порталын түзүү;
3) бош орундар жөнүндө кулактандырууларды жайгаштырууга карата бирдиктүү талаптарды белгилөө;
4) иш берүүчүлөр менен издөөчүлөрдүн ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө өбөлгө түзүү.
3. Мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары, менчигинин түрүнө карабастан иш берүүчүлөр калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында/порталында (мындан ары – потал) (https://jumush.gov.kg) ушул Тартипке ылайык ар бир жаңы түзүлгөн же бошогон жумуш орду (бош орундар) боюнча бош орундар жөнүндө кулактандырууларды (маалыматтарды) жайгаштырат.
4. Порталды башкарууну калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат (мындан ары – башкы администратор). Башкы администратор:
1) порталдын үзгүлтүксүз иштешин жана колдонуучуларды колдоону камсыз кылат;
2) кайтарым байланыш жана иш берүүчүлөрдү колдоо системасын киргизет;
3) порталдын колдонуучуларына методикалык жана техникалык колдоо көрсөтөт;
4) бош орундар жөнүндө кулактандырууларды модерациялоо, жарыялоо жана өчүрүү шарттарын аныктайт.
5. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
иш берүүчү – кызматкер менен эмгек мамилелерине кирген жеке же юридикалык жак (уюм). Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда эмгек келишимдерин түзүүгө укук берилген башка субъект иш берүүчү катары чыга алат;
издөөчү – ишке орношуу ниетин билдирген жана бош орунду издеген, анын ичинде арыз, резюме берген же эмгек келишимин түзүү максатында сынактык жол-жоболорго катышкан жеке жак;
эмгек рыногунун маалыматтык системасы – кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган юридикалык жана жеке жактар жөнүндө маалыматтарды камтыган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система.
https://jumush.gov.kg – жумуш издөө жана персоналды жалдоо кызматтарын көрсөтүүчү калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча расмий портал. Портал издөөчүлөргө бүткүл өлкө боюнча бош орундарга кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат, ал эми иш берүүчүлөргө – эмгек шарттарын жана акы төлөөнү көрсөтүү менен бош орундар жөнүндө кулактандырууларды, эмгек чөйрөсүндөгү иш- чаралар жана жаңылыктар тууралуу маалыматтарды жайгаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
2 - глава. Иш берүүчүлөрдүн бош орундар жөнүндө кулактандырууларын жайгаштыруу алгоритми
6. https://jumush.gov.kg/“jumush.gov.kg” веб-сайты иш берүүчүлөргө ар бир жаңы түзүлгөн же бошогон жумуш орду жөнүндө кулактандырууну ыкчам жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга арналган портал болуп саналат.
7. Иш берүүчү порталда бош орун жөнүндө кулактандырууну жеке кабинетинде каттоодон өтүү менен жайгаштырат.
8. Иш берүүчү катары каттоодон өтүүдө иш берүүчү төмөнкүлөрдү киргизет:
1) иш берүүчү болуп саналган юридикалык жактын/жеке ишкердин же жеке жактын толук аталышы;
2) тизмедеги тиешелүү саптан аныкталган менчигинин формасы;
3) сунушталган маалымдамадан аныкталган экономикалык иштин түрү (Кыргыз Республикасынын “Экономикалык иштин түрлөрү” мамлекеттик классификаторуна ылайык);
4) юридикалык жактын/жеке ишкердин идентификациялык жеке номери (мындан ары – ИСН), юстиция органдарынын жана салык кызматынын күбөлүгүнө ылайык толтурулат;
5) иш берүүчү жеке менчик (жеке) жак болгон учурда жеке жактын ИСНи;
6) юридикалык жактын мамлекеттик каттоо күбөлүгүнө ылайык толтурулган юридикалык дареги.
9. Ушул тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды толтуруу милдеттүү болуп саналат.
Мамлекеттик маалыматтык системаларда юридикалык же жеке жактардын маалыматтары камтылган учурда иш берүүчү ИСНди киргизет, ал жөнүндө маалымат ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынан автоматтык түрдө толтурулат.
10. Иш берүүчү жеке кабинетин ачуу менен каттоо жол- жобосунан өткөндөн кийин бош орундар жөнүндө кулактандырууларды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн алат.
11. Бош орундар жөнүндө кулактандыруу иш берүүчү тарабынан “Бош орундар банкы” бөлүмүнө жайгаштырат.
12. Иш берүүчү порталда бош орундар жөнүндө кулактандырууларды ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу жайгаштырууну тапшырууга укуктуу, анын ичинде:
1) тиешелүү келишимдин негизинде аракеттенүүчү кадрдык агенттиктер;
2) эмгек рыногунун маалыматтык системасы менен техникалык интеграцияны камсыз кылган жана ушул Тартиптин талаптарын сактаган иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү рекрутингдик жана башка маалыматтык сервистер.
13. Бош орунду жайгаштырууда бош орундарды жайгаштыруу жана жабуу мөөнөтү (дедлайн) көрсөтүлөт.
14. Иш берүүчү “Бош орунду кошуу” формасын толтурат, ал автоматтык түрдө порталда жайгаштырылат.
15. Иш берүүчү тарабынан толтурулуучу маалыматтар:
1) бош орундун толук аталышы;
2) бош орундун саны;
3) эмгек акынын өлчөмү, бир айлык өлчөмдө иш графигине карабастан аныкталат (эмгек акынын (эмгек акы төлөө) өлчөмүн көрсөтүү/аныктоо мүмкүн болбогон учурда), иш берүүчү эмгек акынын (эмгек акы төлөө) өлчөмү жөнүндө маалымдоонун башка формаларын тандай алат: маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат; тараптардын макулдашуусу менен аныкталат;
4) иш графиги;
5) кызматкердин функционалдык/кызматтык милдеттери;
6) эмгек шарттары жана социалдык кепилдиктер;
7) эгерде кызматкер үчүн кошумча кепилдиктер каралса, анда мындай маалыматтар тиешелүү сапка киргизилет (коммерциялык сырды түзгөн маалыматтар болбогон учурда);
8) талапкердин билими, эмгек тажрыйбасы жана ага коюлган башка талаптар;
9) жумуш ордунун дареги облусун, районун, шаарын/айылын, көчөсүн, номерин көрсөтүү менен толтурулат (конкреттүү дарек боюнча туруктуу иштеген учурда гана);
10) юридикалык дареги жумуш ордунун дарегине ылайык келген учурда иш берүүчү жумуш ордунун дарегин автоматтык түрдө толтуруу үчүн чекбоксту (облус, район, шаар, көчө) активдештирет;
11) байланыш маалыматтары байланышуучу адамдын аты-жөнүн жана телефон номерин көрсөтүү менен толтурулат;
12) электрондук почтаны толтуруу милдеттүү эмес.
16. Бош орунду жарыялоо иш берүүчү башкы администратор тарабынан алдын ала текшерүүсүз (модерациясыз) өз алдынча жүргүзүлөт.
17. Иш берүүчү төмөнкү кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ:
1) форманы тазалоо;
2) форманы алдын ала көрүү;
3) жеке кабинетинде бош орун жөнүндө кулактандырууну өчүрүү/өзгөртүү.
18. Бош орун жөнүндө кулактандыруу резюмени/арызды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү (дедлайн) келгенде порталдан автоматтык түрдө өчүрүлөт.
3 - глава. Иш берүүчүнүн жоопкерчилиги
19. Иш берүүчү бош орун жөнүндө кулактандыруудагы берилген маалыматтардын аныктыгы жана актуалдуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.
20. Иш берүүчү Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык издөөчүлөрдөн алынган жеке маалыматтарды коргоо талаптарын сактоого милдеттүү.
21. Бош орун жөнүндө анык эмес жана/же мыйзамга каршы келген маалыматтар жайгаштырылган учурда иш берүүчү Кыргыз Республикасынын укук буузулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4 - глава. Мониторинг жүргүзүү
22. Башкы администратор ар кварталдык негизде порталдын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт, ал өзүнө төмөнкүлөрдү да камтыйт:
1) бош орундар, бош жумуш орундары жана кадрдык муктаждыктар жөнүндө кулактандыруулардын жайгаштыруу мөөнөттөрүн жана мезгилдүүлүгүн көзөмөлдөө;
2) жайгаштырылган маалыматтардын белгиленген талаптарга шайкештигин талдоо (түзүмү, форматы, мазмуну).
23. Иш берүүчү анык эмес маалыматтарды берген учурда башкы администратор бош орун жөнүндө жайгаштырылган кулактандырууну эскертүүсүз өчүрүүгө укуктуу.