КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-август, № 16/VI
Баатыр Канай уулу Байтик баатырдын 200-жылдыгына карата иш-чараларды даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ акча каражат бѳлүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы №123 «Кыргыз Республикасындагы иш-чаралар жѳнүндѳ» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-майындагы №255-т тескемесине, 2022-жылдын 15-июлундагы №392 тескемесине ылайык Канай уулу Байтик баатырдын туулган күнүн 200-жылдыгына жана 31-август Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата арналган иш-чаралар жогорку денгээлде өткөрүү максатында жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 21-июлундагы №213 «Канай уулу Байтик баатырдын туулган күнүн 200 жылдыгы жана 31-август Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 31-жылдыгына карата арналган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө» буйругун аткаруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Чүй облусунда Аламүдүн районунун «Чункур-Чак» жайлоосунда ѳтүүчү Канай уулу Байтик баатырдын 200-жылдыгына арналган иш-чараны даярдоого жана ѳткѳрүүгѳ бош калган калдыктан 50,0 (элүү мин) сом акча каражаты бѳлүнсүн.
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |