Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-августундагы № 17/VI
Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн балансына эксковаторду кабыл алуу жѳнүндѳ
Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.А.Кожомамбетовдун «Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн балансына эксковаторду кабыл алуу жѳнүндѳ» маалыматын карап жана талкуулап айылдык кенешинин депуттатары белгилешти, Красная Речка айылдык кенешинин 2022-жылдын 28-январь, № 2/I«Красная речка айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылга карата социалдык-экономикалык ѳнүгүү планын бекитүү жѳнүндѳ» Красная Речка айыл ѳкмѳтүнѳ эксковаторду сатып алууга социалдык-экономика ѳнүгүү планында каралган. 2022-жылга карата пландын негизинде эксковатор сатып алынды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ» Мыйзамынын 2, 5, 19 беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн балансына эксковатор кабыл алынсын.
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |