Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жыл 14-октябрындагы № 19/VII
Красная Речка айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүсүн уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жана биринчи Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы «Биринчи Элдик Курултайга КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин Нускамасына» ылайык маселени карап жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная Речка айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2022-жылдын 5 ноябррына саат 10.00 го чакырылсын.
2. Красная Речка айыл аймагынын жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык 50 делегеттан турары белгиленсин.
3. Жергиликтүү калк арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15 октябрдан 20 октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№1-тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.
4. Красная Речка айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы - 11 адамдан бекитилсин (№2-тиркеме).
5. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин укук тартибинин социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
8. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |