Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жыл 14-октябрындагы № 20/VII
Красная Речка айыл аймагынын айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга берилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Окмөтүнүн 2007-жылдын 22-июлундагы №243 «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо жөнүндө» токтомунун 22-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-ни «Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүү тартибин бекитүү тууралуу» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-ни «Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүү тартибин бекитүү тууралуу» буйругунун 1-бөлүмдүн 9-пункттун жетекчиликке алып, айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга берилген 1,0 га жер үчүн 12000 (он эки мин) сом өлчөмүндө ижара акысынын өлчөмү белгиленсин, ошондой эле аянттары үчүн 2226 (эки мин эки жүз жыйырма алты) сом өлчдө ижара акысынын өлчөмү белгиленсин.
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, транспорт, өнөр жай жана турак жай – коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |