Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-октябрындагы № 21/VII
Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлеринин 50 пайызын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 28-февралындагы №67-ни «Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фонду үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүү тартибин бекитүү тууралуу» жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 «Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларды өнүктүрүү жөнүндө» токтомуна ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун 491 гектар жерлеринин 50 пайызы – 236,67 гектарыКыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигине белгиленген тартипте мөөнөтсүз (мөөнөт жок) пайдалануу укугуна тиркемеге ылайык берилсин
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, транспорт, өнөр жай жана турак жай – коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |