Редакцияот 14.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Ак-Турпак айылдык Кенешинин VIII-чакырылыш кезектеги X-сессиясы

2025-жылы 14-августу №34

 “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетине

өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү  жөнүндө

 

“Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ботобековдун                    2025-жылдын 14-августундагы № 5 сураныч каты каралып, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж.Маканбаевдин маалыматы угулуп, талкууланып,  Ак-Турпак айылдык кеңеши токтом кылат:

1. “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетине айыл өкмөтүнүн субсидиясынын жана башка кошумча каражаттардын эсебинен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2. “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу максатындагы бюджеттин жетишпеген бөлүгүн (дефицит) толуктоо үчүн    Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинен 1 268 136 (бир миллион эки жүз алтымыш сегиз миң жүз отуз алты) сом субсидия бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

3. “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 2 768 136 млн сом айыл өкмөтүнүн субсидиясын кошкондо жалпы 5 455 796,2 (беш миллион төрт жүз элүү беш миң жети жүз токсон алты сом 20 тыйын) сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү 5 455 796,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Ак-Турпак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Ботобековго милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн  башчысы Ж.Маканбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 А.Имаров