Загрузка документа…
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-октябрындагы № 22/VII
Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин чыгаша бѳлүгүн ѳзгѳрүшүнѳ байланыштуу 2022-жылга бюджеттин сметасын тактоо жѳнүндѳ
Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн каржы-экономика бѳлүмүнүн башчысы А.Д.Толубаеванын «Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин чыгаша бѳлүгүн ѳзгѳрүшүнѳ байланыштуу 2022-жылга бюджеттин сметасын тактоо жѳнүндѳ» маалыматы каралып, талкууланып, 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше бѳлүгү 3170,6 мин. сомду түздү, ошого байланыштуу бюджеттин киреше бѳлүгүнүн ашыра аткаруу камсыз кылынганына байланыштуу турак жай-коммуналдык чарба бѳлүмүнѳ акча каражаты жѳнѳтүлсүн, ушул бѳлүмдѳн Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 27-сентябрындагы №8 протоколдук тапшырмасынын негизинде Красная Речка айылынын кире беришине жана чыга беришине Стелла орнотууга, андан тышкары ашыкча акча каражат Красная Речка айылдык кенешинин депуттатарынын сунушунун негизинде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин айланасына балдар аянтчасын орнотууга, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная Речка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 3000,0 мин.сомго ашык чогултулганына байланыштуу, тактап айтканда, төмөндөгү салыктар боюнча:
- Киреше салыгы – 1700,0 мин.сом;
- Чакан ишкердиктин субъектери үчүн бирдиктүү салык – 700,0 мин.сом;
- Милдетүү патенттин негизиндеги салык – 400,0 мин.сом;
- Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы – 200,0 мин.сом төмөнкү бөлумдөргө жөнөтүлсүн:
- 70629 – турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнө – 2000,0 мин.сом
- 70911 – бала бакча бөлүмүнө – 1000,0 мин.сом
2.Красная Речка айыл өкмөтүнө Красная Речка айылынын кире беришине жана чыга беришине Стелла орнотуу жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин айланасына балдар аянтчасын орнотуу маселеси каралсын.
3. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.С.Бекбоева |